Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Баткен

Кадамжай районунун акими Ж.Исаковдун резюмеси

Turmush -  Кадамжай районунун акими болуп Исаков Жаныбек Маматович дайындалды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынан билдиришти.

Жаныбек Исаков буга чейин Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Эмгек жолу:

Аты-жөнү: Исаков Жаныбек Маматович;

Туулган жылы: 1970-жылдын 3-октябры;

Туулган жери: Орозбеков айылы, Кадамжай району;

Улуту: Кыргыз;

Билими:

- 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинен тарых мугалими адистигин алган.

Кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөйт.

Мамлекеттик сыйлыктары:

- Мамлекеттик кызматтын мыктысы төш белгиси;

- Облустук мамлекеттик администрациянын жана КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын ардак грамоталары менен сыйланган;

- Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси:

Эмгек жолу:

- 1991-1994-жылдары М.Ломоносов атындагы орто мектебинде мугалим;

- 1994-1997-жылдары С.Тешеев атындагы орто мектебинде мугалим;

- 1997-2001-жылдары Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндө башкы адис;

- 2001-2002-жылдары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис;

- 2002-2002-жылдары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Аппарат жетекчи;

- 2002-2003-жылдары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы;

- 2003-2004-жылдары Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүндө жетекчи;

- 2004-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында бөлүм башчы;

- Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында сектор башчысы;

- 2005-жылы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында башкы адис;

- 2005-2009-жылдары Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясында Аппарат жетекчи;

- 2009-жылы Баткен аймактык шайлоо комиссиясында төрага;

- 2009-жылдын сентябрь айынан баштап Кадамжай районунун акиминин биринчи орун басары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6881
Көп окулду
×