Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 20.06.2017 12:55

АКИ-TV: Өзбекстандын цирк оюнчулары Кадамжайга кандай жаныбарларды алып келди?

Turmush -  Өзбекстандын цирк оюнчулары Кадамжай районунун аймагында бир жумадан бери өз өнөрлөрүн акысыз тартуулап жатышат. Алар Кадамжай районунун айыл аймактарын кыдырып бүткөндөн кийин Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарларына жана Лейлек районуна барышат. Бул тууралуу Өзбекстандан келген уюштуруучулардын бири Турсунбай Мамажанов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара эки элдин достугу үчүн демилгеленген.

«Бизде арстан, аюу, карышкыр, жыландардын жети түрү, канаттуулар жана башка түрдүү жаныбарлар бар. Мындан тышкары цирк оюндарын көрсөтөбүз. Биз Баткен облусун кыдырып, жашоочуларды жаныбарлар дүйнөсү менен тааныштырып чыгабыз», - деди ал.

Мындан бир ай мурун Кадамжай районунун мурдагы акими Акрам Мадумаров баш болгон бир топ жетекчилер Өзбекстанга иш сапары менен барган. Анын алкагында Кадамжай жана Фергана районунун жетекчилери эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн меморандумга кол коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×