При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Лейлектик 12 жаштагы Ильяз Америкадагы «Генийлер олимпиадасында» алтын медаль тагынды

Turmush -  Лейлек районунун 12 жаштагы тургуну Ильяз Талант уулу Американын Осуиго шаарында «Генийлер олимпиадасында» алтын медаль менен сыйланды. 73 мамлекеттен тандалган окуучулардын катышуусундагы олимпиада 12-17-июнь күндөрү өткөн.

«Ильяз үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Балам быйыл 6-классты аяктады. Олимпиадага баруу үчүн бир ай даярданды. Ал тапшырмага берилген сүрөткө карата өз оюн сүрөттөп бериши керек болчу. Өлкөнүн атынан чыгып жаткандыктан алгач кыжаалат болдум. Уулумду лицейдеги мугалимдери да колдоп турушту.

Жыйынтыгында өлкөнүн намысын коргоп, экологияны коргоо долбоору боюнча алтын медалга ээ болду. Баламдын ийгилиги тил билгенинде болду. Ал учурда 4 тилде: кыргыз, англис, түрк жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Англис тилинде өз оюн башкаларга жеткиликтүү түшүндүрүп бере алганын мугалими кабарлады. Сабактардан англис тили менен математиканы жакшы окуйт. Ошондой эле, япон тилине кызыгып, үйрөнүүнү эңсеп жүрөт», - деди апасы Инаят Жээналиева.

Экология боюнча глобалдык көйгөйлөрдү алдын алуу максатында жыл сайын уюшулган сынакка 18 жашка чейинки балдар катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5463
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Aza88
17:09, 19 июня 2017
Братишка крсавчик!
Көп окулду
×