Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Кызыл-кыялыктардан Кытайга виза ачам деп акча алып, өзү качып кеткен адам кармалды (фото)

Turmush -  Кытайга кирүү үчүн виза ачып берүү убадасы менен элди алдап, акча алып жүргөн деген шек менен 34 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Р.М. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жаткан учурда жанындагы бейтаптарга өзүн Азамат деп тааныштырып, Кытайда билим алып, иштеп келгенин айткан. Ошондой эле, бул мамлекетке барып окуп келүүнү каалагандарга виза ачып берерин билдирип, дарыгерлердин жана бейтаптардын ишенимине кирүү менен алардан акча алып изин жашырган.

19105656_1343042575744246_1692081241486756671_n

Алдын ала маалыматтарга караганда, милицияга анын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча 6 арыз түшүп, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунун (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул окуя боюнча Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну кармалды.

Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эгерде Кызыл-Кыя шаарынан Азамат аттуу эркек кишиге алданып, жапа тарткандар болсо Кызыл-Кыя ШИИБге 03657 5-04-20, 0771005808 номурлары аркылуу кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1203
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×