Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Баткендеги катуу шамал үйлөрдүн шиферин учурду

Turmush -  Баткен облусунун аймагында ылдамдыгы секундасына 17-19 метрге жеткен шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кадамжай районунун Айдаркен шаарында кечээ, 15-июнда саат 01:05 чамасында катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Кичи-Айдаркен айылында жайгашкан 7 турак үйдүн сарайынын 53 даана шифер учуп кетти.

Андагы чыгымдарды жарандык коргонуу комиссиясы тактап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×