Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык дыйкан мыкты сорттогу гиласты Россияга кантип экспорттойт? (видео, фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Исфайрам айылынын тургуну Алмаз Садиров 50 түп гиластан 100 миң сом киреше алды. 43 жаштагы дыйкан быйыл эрте жазда абанын температурасы төмөн болгонуна байланыштуу гиластар жакшы мөмө албай калганын айтат.

«Менин 50 сотых багым бар. Ал бакта алма, өрүк, шабдаалы жана башка мөмө-жемиштер өстүрүлгөн. Мындан 6-7 жыл мурун 50 түп гилас эгип, акыркы 4 жылдан бери мөмөсүн алып жатам. Бирок, жыл сайын климаттын өзгөрүүсүнөн улам гиластын мөмөсү азайып баратат. Гиластан 3 жыл мурун 200 миң сомдон киреше алып жаткам. Акыркы жылдары жакшы гүлдөгөнү менен, түйгөн учурда белгисиз себептен суюлуп баратат.

Гиласка жылына 3 жолу дары чачылат. Алгач гүл ачканда, түйгөндө жана бышкан убакта. Бул дарылар бакты ар кандай курт-кумурскалардан сактайт. Ал эми мөмөсү бышкан кезде Россияга кымбат баада алып кетишет. Мисалы быйыл 1 кг 150 сомдон бааланды. Ал эми жергиликтүү базарлар бул бааны жакшы көтөрө бербейт. Ошондуктан чет мамлекетке жакшы сатылат. Гиластын кирешеси жакшы болгону менен, аны өстүрүү дагы бир топ көйгөйлөрдү жаратат», - деди Алмаз Садиров.

Исфайрам айылы мөмө-жемиштин түрүн өстүрүүгө ыңгайлуу, кооз айыл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×