При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Өзбекстандык цирк оюнчулар Кадамжайда өз өнөрлөрүн акысыз тартуулап жатышат (фото)

Turmush -  Өзбекстандын цирк оюнчулары Кадамжай районунун аймагында 1 жумадан бери өз өнөрлөрүн акысыз тартуулап жатышат. Бул тууралуу Өзбекстандан келген цирк артисти Бактияр Мамажанов билдирди.

Анын айтымында, мындай цирк оюндар кыргыз-өзбек элинин ынтымагын бекемдөө максатында акысыз жүргүзүлүүдө. Бул иш-чара Кадамжай районунун аймагында дагы бир жумага уланат.

«Биз райондун акиминин чакыруусу менен келип, балбандык өнөрлөрүбүздү, 12 метр бийиктикте дардан басуу жана башка өзгөчө оюндарды көрсөтүп жатабыз. Мындай иш-чара кийин дагы улана берет», - деди Бактияр Мамажанов.

Мындан бир ай мурун Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров баш болгон бир топ жетекчилер Өзбекстанга иш сапары менен барган. Анда, Кадамжай жана Фергана районунун жетекчилери эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн меморандумга кол коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×