При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Фото - Чек арадагы Ынтымак айылы Өзбекстандагы каналдан суу ала баштады

Turmush -  Баткендеги Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы Ынтымак айылына кошумча сугат суу бериле баштады. Айыл өкмөт маалымдагандай, эми Өзбекстандагы каналдан суу берилип турат.

Ынтымак айылында жыл сайын сугат суу көйгөйү жаралып келген. Буга чейин кыргыз-өзбек чек арасынан өткөн Чимион сайындагы суудан Ынтымак айылы пайдаланган эмес. Бул көйгөйдү чечүү максатында Чимион сайына дамба курулуп бүттү. Дамбаны курууга жалпы 400 миң сом акча каражаты жумшалган.

Кошумча алынган суу Ынтымак айылындагы 1,5 миң гектар жерди сугат суу менен камсыз кыла алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 926
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×