При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Исфанадагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун юристи болуп А.Абдухалиев келди (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Исфана шаарындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун юристи болуп Абдурахим Абдухалиев дайындалды. Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал буга чейин жактоочу болуп эмгектенген.

IMG-20170614-WA0282

«Эл арасында жер талаш, үй-бүлөлүк чыр-чатактар жана башка маселелер көп болуп турат. Быйыл мага жүзгө жакын жер талаш, отуздан ашуун үй-бүлөгө байланыштуу маселелер менен кайрылышкан. Алардын арасында колунда жоктору да бар. Эми борборго кайрылган жарандарга райондук, облустук жана Жогорку сотко чейин акысыз юридикалык жардамдар көрсөтүлөт», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, бүгүн, 14-июнда Лейлек районунун Исфана шаарында акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды.

Аталган борбордун оргтехникалары ЮСАИД эл аралык уюму тарабынан алынды. Эми бул борбор Адилет министрлиги тарабынан каржыланып, элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Жакында ушундай эле борбор Кадамжай районунда да ачылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 795
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу