Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Алиев универсал трактор курап чыгып, айыл чарба иштерине пайдаланып жатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын тургуну Акылбек Алиев унаанын тетиктерин кураштырып, жер айдоочу трактор жасап чыкты. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, тракторду курап чыгуу үчүн «Нива», «Жигули» жана «ВАЗ 2109» унааларынын тетиктерин колдонгон. Жаңы жасалган трактор жерди айдап, уруктарды эгип, топуракты да көмүп кетүүгө жетишет. Мындан тышкары картошка, жүгөрү сугарууга жөөк салып, жүк да ташыса болот.

А.Алиев ушул сыяктуу техникаларды жасап чыгууну пландап жатат. Учурда экинчи тракторду жасап баштаганын билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4983
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×