Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Ата Мекендик согуштун ардагери Т.Амановдун дайынын жакындары 70 жылдан кийин табышты (фото)

Turmush -  1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Баткен районунан 4 миңден ашуун эр азаматтар аттанып, анын ичинен 3028и өз мекенине кайтпай калган. Алардын арасында дареги билинбей жоголгондору да бар.

Still0613_00001

Согуштан дайыны билинбей калгандар тууралуу маалыматтарды «Баатырлардын урпактары» коомдук кыймылы издеп келет. Жакында эле бул кыймыл аркылуу Баткен районунан согушка аттанган Төлөн Амановдун сөөгү Орусиянын аймагына жашырылганы белгилүү болду. Анын жакындары Орусияга барып, Т.Амановдун арбагына багыштап куран окутуп келишти.

Маалым болгондой, Т.Амановдун сөөгү Орусиянын Тверь облусунда жайгашкан көрүстөндөн табылган. Чоң атасына куран окутуп барган Асан Аманов менен Соорбай Аманов ардагердин мүрзөсүнө топурак салып, неберелик милдетин аткарышты.

«Айыл өкмөткө февраль айында согушка кетип, дайындары жоголгон кишилердин сөөгү кайсы жерге коюлгандыгы тууралуу маалымат келиптир. Биз чоң атабызды сураштырып отуруп, аталган коомго кайрылып, Орусияга аттанганбыз», - деди Асан Аманов.

Still0613_00003

Still0613_00002

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×