Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Видео, фото - Лейлектин Маргун айылында сел жүрүп, жолдор менен арыктар шагылга толуп калды

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Шамидин Карпазовдун айтымында, кечээ, 12-июнда саат 18:10 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жаап, сел каптаган.

Маргун жана Чурбек айылдарын аралап аккан селдин кесепетинен ички чарбалык жолдор, сугат суу агуучу арыктар шагылга толуп калган. Ошондой эле, таза суу агуучу түтүктөр дагы зыянга учурашы мүмкүн деп болжолдонуп жатат.

Учурда жергиликтүү эл ашар жолу менен арыктарды тазалап, ички жолдорду калыбына келтирүү аракеттерин көрүүдө. Райондук жол тейлөө ишканасынан керектүү техникалар берилип, күйүүчү май алууга бюджеттен каражат бөлүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1393
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×