При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Элдик уламыш: Чоң-Алайдын Жекенди айылында көмөч казандын формасындагы тегерек жана жапыз арчалар өсөт (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айылында Көмөч мазары жайгашкан. Ал жерде жапыз жана кол менен тегиздеп койгондой тегерек арчалар бар.

Көпчүлүктү таң калтырган бул Көмөч мазар тууралуу эл оозунда айтылган уламыштар аз. Уламыштардын биринде адамдардын мүрзөсүнүн үстүнөн арчалар өсүп чыккандыктан мазар аталып калганы айтылат. Аталган мазардын тушунда үңкүр бар. Тоо боорундагы үңкүрдөн туздуу суу агып турат.

Уламыштарга караганда, ошол жерде жашаган кемпир менен анын кызына талап-тоноо үчүн каракчылар кол салган. Эне-бала өздөрү менен бирге жалгыз көмөч казанын (ал убакта нанды ошол казанга бышырган) алып качууга үлгүргөн. Бирок, артынан ат менен кууп жеткен каракчылар экөөнү тең өлтүрүп, түйүнчөгүнөн жалгыз көмөч казанды табышкан. Ага ачууланган каракчылар нан бышырган казанды ыргытып жиберишет. Ал каза болгон кызы менен апасынын жанына түшкөн. Кийин ал жерге көмөч казандын формасында тегерек арча өсүп чыккан деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1477
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
Учурда окулуп жатат
×