При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Баткенде 30 жолу кан тапшыргандарга «Ардактуу донор» наамы ыйгарылат (видео, фото)

Turmush -  14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Буга карата Баткен шаарында «Кыргызстандагы ыктыярдуу донорлорду көбөйтүү» темасы менен маалымат жыйын өттү. Ага Баткен облустук кан борборунун башчысы Айбек Акматов, Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Бүбүайша Курбанова катышты.

Жыйында өлкөдөгү кан берүүчү донорлордун санын көбөйтүү жана донорлукка чакыруу маселелери айтылды.

Баткен облустук кан борборунун башчысы Айбек Акматовдун айтымында, бүгүнкү күндө облустун аймагында IV топтогу канды табуу кыйын болуп жатат. Негизи кан борборунда ар бир топтон беш литрден жалпы жыйырма литр өлчөмүндө кан болуусу шарт.

IMG-20170612-WA0200

«Учурда элде кан берип, донор болуу ден соолукка зыян деген түшүнүк пайда болуптур. Бул түшүнүккө кошулбайт элем. Аялдарга караганда эркек кишилер кан берип туруусу өтө пайдалуу. Донор болуу адамды жашартып, ар кандай оорулардан оолак кылат.

Ар ким эле донор боло бербейт. Кан бере турган адамдын ден соолугу таза болуусу керек. Эгерде бир киши 30 жолу донор болсо, анда Кыргызстандын «Ардактуу донору» наамы берилип, ай сайын миң сомдон компенсация төлөнөт. Азыркы учурда бизде 15 "Ардактуу донор" наамынын ээлери бар», - деди ал.

Ал эми, Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан донорлордун санын көбөйтүү жана донорлукка чакыруу боюнча жер-жерлерде аракеттер көрүлүп жатат. Аталган коомдун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн «Кыргызстандагы акысыз ыктыярдуу донорлорду өнүктүрүү» долбоорунун аймактык кызматкери Бүбүайша Курбанованын айтымында, коом тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында 20га жакын ыктыярдуу донорлор кан тапшырууга келишкен.

IMG-20170612-WA0201

«Донорлордун салмагы 50 кг кем эмес жана жаш курагы 18ден 60 жашка чейин болуусу керек. Учурда донорлорду көбөйтүү максатында он бештен ашык ыктыярчылар иш алып барууда», - деди ал.

14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата Баткен шаарында Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан атайын иш-чаралар уюштурулуп, бир нече жолу кан тапшырып жүргөндөр «Ардактуу донор» наамы менен сыйланышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 418
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×