Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Айыл турмушу: Бүтүн айыл өкмөткө кызмат кылган лейлектик К.Бекназаров 10 миң сомго чейинки ат жабдыктарды жасайт (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Маргун айылынын 34 жаштагы тургуну Кубатбек Бекназаров ат жабдыктарынын түрүн жасайт. Учурда Маргун айыл өкмөтүнө караган айылдагы жашоочулар, улакчылар жапырт ага кайрылышат.

Кубатбек мырза ээр чапкандан сырткары атка така кагат. Атасынан үйрөнгөн өнөрдү башкаларга үйрөтүүгө да убакыт табат.

«Атамдын өмүрүнүн жарымынан көбү ушул өнөрдү аркалап өттү. Бала кезден бери көз көрүп үйрөнүп калган жумушка өзүм да кызыгып калдым. 18 жашымдан ээр чапканды, така, жүгөн жасаганды үйрөттү. Бул өнөрдүн арты менен үйүбүздөн киши үзүлгөн жок», - деди уста.

Уста айрым учурда жасаган ээрлерди бир баш койго алмаштырат.

«Айылда көбүнчө акчага сатып алган учурлар аз болгон. Азыр заман өзгөрүп кеттиби, айтор бары акчага сатып алып калышты. Ат жабдыктардын баасы 5 миң сомдон тарта 10 миң сомго чейин. Ал эми 4 така 1000 сомго жасалат. Жүгөндөр да 1000 сомдон турат. Илгери аталарыбыз дээрлик көпчүлүгү ээр чапканды билгендиктен көп деле бааланган эмес. Азыркы учурда бул өнөрдү аркалагандар аз. Ошондуктан жасаган киши да, буюм да барктуу», - деди Кубатбек Бекназаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1015
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×