Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Баткен

Жаш талант: Баткендик А.Нуридинова республикалык бий сынакта жердештеринин намысын коргоду (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Кызыл-Бел айылынын 11 жаштагы тургуну Айдана Нуридинова «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» республикалык бий сынагына катышып келди. Ал быйыл Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде 5-классты аяктады. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

- Айдана, аталган сынакка кантип катышып калдың?

- Алгач облустук тур болгон. Андан биринчи орунду багындырып, республикалык турга жолдомо алгам.

- Сынак тууралуу айтып берчи.

- Бардык облустардан 20дай бийчилер катышты. Баары таланттуу кыздар жана балдар экен. Мен да ошондой таланттуулардын катарында болгонум үчүн абдан кубандым.

- Сынакка канча убакытта даярдандың эле?

- Эки ай бою даярдандым. Мага бийди Акбилек эже үйрөтүп, мени даярдап жүрдү. Ушул эженин эмгеги менен ийгиликке жетиштим.

- Канча жашыңдан бери бийлеп келесиң?

- Кичинекей кезимден бери эле бийлеп келем. 7 жашымда Баткендеги «Мээрим» балдар чыгармачылык мектебине киргем. Ошондон бери бий менин жашоом болуп калган. Учурда бул мектепте кыздардын курамынан түзүлгөн «Мөл булак» бий тобубуз бар.

- Бийден башка дагы эмнелерге кызыгасың?

- Сүрөт тартканга кызыгам. Комузда, пианинодо ойнойм.

- Буга чейинки жетишкен ийгиликтериң тууралуу айтып берчи.

- Шаардык, райондук облустук сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып келем. Шаардагы иш-чараларда дайыма бийлейм.

- Келечекте ким болгуң келет?

- Дарыгер болууну кыялданам. Ошол эле учурда бийди дагы чогуу алып кетким келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1943
Көп окулду
×