При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Баткендин ички жолдоруна тротуарлар курулуп жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын ички жолдоруна тротуарлар курулуп баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, учурда шаардагы Турмаматов жана Жусупов көчөлөрүндөгү тротуарлардын курулуш иштери жүрүп жатат.

IMG-20170612-WA0089

Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов билдиргендей, тротуарлар тендерден уткан компаниянын жардамы менен курулууда. Турмаматов көчөсүндөгү тротуар үчүн 5,5 млн сом сарпталып, анын 2,5 млн сому жергиликтүү бюджеттен, ал эми Жунусов көчөсүндөгү тротуар 6 млн 25 миң сомго курулуп, анын 25 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Бул тротуарларды куруу үчүн атайын долбоор жазылган. Учурда М.Салихов көчөсүнө тротуар куруу үчүн долбоор жазылып жатат.

Буга чейин аталган көчөлөрдө кызыл сызыктан өтүп, тротуарлардын ордун ээлеп алган 3 үй жана 2 ишкана бар.

IMG-20170612-WA0085

«Ал турак үйлөрдүн ээлерине жана ишкана башчыларына түшүндүрүп, көчүрүү иштери башталды. Ошондой эле, кызыл сызыктан өткөн Баткен РИИБдин имараты да бар. Аталган имараттын көзөмөлдөп өткөрүүчү пункту кызыл сызыктан 2 метрдей өтүп кеткендиктен, ал жер да бузуларын айтышкан», - деди Баткен облустук архитектурасынын башчысы Кудайназар Эргешов.

Шаар тургуну Катича Исаева тротуарлар жөө жүргүнчүлөр үчүн абдан зарыл экенин билдирди.

IMG-20170612-WA0084

«Көчөбүздө атайын жөө жүрүүчү жолдун жоктугуна байланыштуу неберелеримди өзүм жетелеп чыгам. Бул жерден унаалар кыйма-чийме өтүп, кооптуу жагдайды жаратат. Салынып жаткан тротуарлар баарыбыз үчүн жакшы болду» - деди шаар тургуну.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 562
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу