При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Элдик уламыштар: Көлдүк жайлоосундагы жүрөкчө көлдөр жана бир тууган 7 кыздын мүрзөсүндө өскөн качура дарагы

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айылындагы Көлдүк жайлоосу менен качура дарагы тууралуу ар кандай уламыштар айтылып келет. Жайлоонун аянты чоң жана жаныбарлардын ар кандай түрлөрүн кездештирүүгө болот.

Жайлоонун ортосунда эки көл бар. Алардын бири чоң болсо, экинчиси бир аз кичине жана андан суу агып турат. Бир караганда көлдөр жүрөк сыяктуу көрүнөт. Жайлоо Тажикстан менен чектешип, малга жайыттуу келген аймакта эл качура деп атаган дарак бар. Анын бир түбүндө жети түп арча өсөт. Эл арасында башкалардан өзгөчөлөнүп, аны кескенде кан чыгат деп айтылат.

21

Ал эми, уламыш боюнча 7 түп арча бир тууган 7 кызга байланыштуу. Бир тууган кыздар айылына душман кол салган учурда каза болуп, катар мүрзөлөргө коюлган. Кийин ал жерге арча өсүп чыгып, аны кыйганда кан чыккан. 

Качура дарагынын атылышы жоо чаптырып келе жаткан учурдагы «кач» (жолдон кач), «ураа» (сүрөөнгө алуу) же «ыраакка кач» деген кыйкырыктар менен байланыштуу болгону да айтылып келет.

23

22

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10743
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Элдик уламыштар
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу