Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Айыл турмушу: Кызыл-кыялык мугалим Д.Мамаджанова тез даярдалуучу тамактарды сатып, кошумча киреше табат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 33 жаштагы тургуну Дилдора Мамаджанова картошкадан чипсы, сосискадан корундук (камырга оролгон сосиска) жана хот-дог жасап сатат. Учурда анын кардарлары көбөйүп, бышырган тамактарын күн сайын сатып алышат. Ашпозчу менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Өзүнүн айтымында, былтыркы жылдан бери ушул иш менен алектенип баштаган.

«Акыркы жылдары тез даярдалуучу тамак-аштар өтүмдүү болуп калды. Мындан улам интернеттин жардамы менен хот-дог, чипсы, жана корундукту жасаганды үйрөнүп, бышырып сатып жатам. Кардарлар колдон жасалган чипсыны көп сатып алышат. Мындан тышкары, сосискадан жасалган корундукту сатып алгандар абдан көп. Айрыкча майрам күндөрү өтүмдүү болот», - деди ал.

Дилдора айым мектепте мугалим болуп да эмгектенет.

«Азырынча ушул тез даярдалуучу тамак-аштарды жана суусундуктарды сатып жатам. Буюрса, тамак-аштардын башка түрлөрүн бышырып сатайын деген оюм бар», - деди ал.

Анын жасаган корундугу 15 сом, чипсы 25 сом, ал эми хот-дог 45 сомдон сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×