Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Бужумдагы 10 жылдык бүтүрүүчүлөр мечиттеги иш бөлмөнү жаңылашты (фото)

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылындагы Шарап Токсонов атындагы орто мектебин мындан он жыл мурда бүтүргөндөр аталган айылдын мечитиндеги имамдын иш бөлмөсүн заманбап үлгүдө оңдоп-түзөп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, имамдын иш бөлмөсүн оңдоп-түзөө үчүн 30 миң сом акча жумшалган. Бүтүрүүчүлөрдүн мындай ишине мечит жамааты ыраазычылык билдирип, аларга бата беришти.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2065
Көп окулду
×