При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Баткендин И.Раззаков көчөсүндөгү дарактардын орду унаа токтотуучу жайга айланат (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы И.Раззаков көчөсүнүн чет тарабында өскөн дарактар алынат. Бул тууралуу Баткен шаарынын вице-мэри Мамасыдык Султанов билдирди. Анын айтымында, дарактар алынган жер унаа токтотуучу жайга айланат.

«Шаар ичинде унаа тыгындарын жоюу максатында атайын унаа токтотуучу жайды куруу пландалууда. Азыркы учурда тиешелүү органдардын уруксаты менен И.Раззаков көчөсүнүн чет тарабында өскөн эки дарак кыйылды. Бул жердеги бардык дарактар түбү менен алынып, алардын орду унаа токтотуучу жайга айланат. Акыркы учурда бул дарактарга көп жыл болгондуктан кооптуулук жаратып калган», - деди вице-мэр.

Ошондой эле, дарактардын жанынан өткөн арыктарга да лотоктор коюлуп, арча тигүү пландалууда. Аталган жерде жалпы 14 түп дарак калды.

Буга чейин эки чоң дарактын кыйылышы тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр айтылып келген. Айрымдар дарактар кичи маркетти тосуп калганы үчүн алынганын айтып, нааразычылыктарын билдирген. Бирок, буга вице-мэр ал дүкөндүн эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 662
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×