При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Видео, фото - Панфилов районунан жоголгон 3 окуучу Кызыл-Кыяга жетүү үчүн такси жалдашкан

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунан жоголгон 3 окуучу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жетүү үчүн такси жалдашкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кызыл-Кыя ШИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, жоголгон балдар (экөө бир тууган, бири кошунасы) ата-энелери жумушта жүргөн учурда үйдөгү акчаны алып, Кара-Балта шаарына келип эс алышкан. Андан соң, алар бул кылган иштери үчүн ата-энелеринен тил угарын билип, Кызыл-Кыядагы таенесиникине барууну чечишкен. Жолдон такси тосуп, апасы Баткенге жибергенин жана кете турганга жол кирелери бар экенин айтышат. Айдоочу аларды алып кетүүгө макул болот. Таксист Кызыл-Кыяга келгенден кийин, балдардын шаарды билбей турганын байкап, милицияга кайрылган.

Милициянын берген маалыматына караганда, окуучулардын ден соолугу жакшы, учурда таенесинин үйүндө турушат.

e8735a65b6060bc2b61376309f569712

Буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан 5-июнда жоголгон 3 бала: 2005-жылы туулган Р.Дүйшөнбеков, 2008-жылы туулган Т.Дүйшөнбекова жана 2007-жылы туулган А.Сыдыкова изделип жатканы маалымдалган. Алар 7-июнда саат 10:00 чамасында Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынан табылган.

Балдардын айтуусунда, алар үйүнөн А.Сыдыкованын таенесин издеп чыгышкан. Анын таенеси Ноокат районунун Абшыр-Сай айылында жашайт.

Панфиловдон Кызыл-Кыя шаарына чейинки аралык 700 чакырымга жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×