При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 23-июнь
68.83    76.88    1.14    KZT 0.21

Видео - Маргун айыл аймагында санариптик телеберүүлөр көрсөтпөй жатат, - тургундар

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айыл аймагында санариптик телеберүүлөр көрсөтпөй жатат. Бул тууралуу аталган айыл аймактын аксакалдар кеңешинин төрагасы Ахматали Ормошов билдирди.

Анын айтымында, Маргун айыл аймагында 6-июндан бери санариптик телеберүүлөр көрсөтпөй жатканына жергиликтүү тургундар нааразы.

«Эл эки күндөн бери нааразы болуп жатышат. Алар өлкөдөгү акыркы кабарлар менен тааныша албай убара тартууда. Алгач жогорку бийлик тараптан санариптик телеберүүлөр өчпөй, жакшы жана тунук көрсөтөт деп макташкан эле. Бул маселени Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана өкмөт көзөмөлгө алып, калыбына келтириши керек», - дейт Ахматали Ормошов.

Маргун айыл аймагында 6 миңден ашуун адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 485
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×