При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Татырда селден жабыр тарткандарга 8,5 миң сомдон акчалай жардамдар берилди (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагында селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган райондун акими селден жабыр тарткандардан кабар алып, резервдик фондунан 3 үй-бүлөгө 5 миң сомдон тапшырды. Ошондой эле, Баткен районунун мекеме-ишканаларынын жетекчилери тарабынан ошол эле үй-бүлөлөргө 3,5 миң сомдон акчалай жардамдар берилди.

Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймагындагы селдин кесепетинен 8 турак үйгө жана 40 турак үйдүн короосуна суу кирген. 200 метр ички чарбалык жол кум-шагылга толуп, бир электр мамы жарактан чыккан. Ошондой эле, Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 282-чакырымында 3 жеңил унааны сел агызып, жараксыз абалга келтирген. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×