При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Фото - Кызыл-Кыядан табылган панфиловдук 3 окуучу таенесин издеп чыгышкан

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районунан жоголгон 3 окуучу кечээ, 7-июнда саат 10:00 чамасында Баткендеги Кызыл-Кыя шаарынан табылган. Учурда алар Кызыл-Кыяга кимдер аркылуу жана кантип жеткени такталып жатат.

Аларды Өзгөн шаарынан көргөндөр милицияга кабарлашкан, деп маалымдайт Ош ОИИБдин басма сөз кызматы. Ал маалыматтын негизинде Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери окуучуларды таксилер токтогон жерден таап, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда окуянын чоо-жайын такташкан.

Буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан 5-июнда жоголгон 3 бала: 2005-жылы туулган Р.Дүйшөнбеков, 2008-жылы туулган Т.Дүйшөнбекова жана 2007-жылы туулган А.Сыдыкова изделип жатканы маалымдалган.

Рамазан, Тахмина жана Айгерим милиция бөлүмүндө

Пропавшие в Панфиловском районе дети

Балдардын айтуусунда, алар үйүнөн А.Сыдыкованын таенесин издеп чыгышкан. Маалым болгондой, анын таенеси Ноокат районунун Абшыр-Сай айылында жашайт.

Панфиловдон Кызыл-Кыя шаарына чейинки аралык 700 чакырымга жетет.

Кызыл-Кыяда таксилер токтогон Асаналиев көчөсү

SAM_7591

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1133
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу