При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

«Баткен тазалык» ишканасында техникалар жетишпейт, - директор (фото)

Turmush -  «Баткен тазалык» ишканасында 3 айдоочу жана 6 таштанды жыйуучу жумушчу эмгектенет. Алар күн сайын эртең менен саат 5:30дан баштап, кечки саат 19:00гө чейин шаар аймагындагы таштандыларды жыйнашат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган ишканадан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин жумушчулардын айлык маянасы убагында берилбей жана алар үчүн атайын бирдей форма жок болгон.

«Учурда алардын айлык акылары 12 миң сомдон 20 миң сомго чейин төлөнүп, өз убагында берилүүдө. Бирок, аталган ишканада таштанды тазалоолочу техникалар жетишсиз. Болгону 3 таштанды ташуучу унаа бар. Анын экөө жараксыз, бири эптеп иштейт», - деди ишкананын директору Ассобидин Сулайманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 692
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:48,   19.08.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу