Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Раваттык тургундардын булактан суу алуусуна жергиликтүү бийлик каршы чыкты, - жашоочулар (фото)

Turmush -  Баткен районундагы Рават айылынын жогорку тарабындагы жергиликтүү тургундар 200 миң сомго жакын каражат топтоп, бир чакырым аралыктагы булактан суу тартышты. Бирок, айыл жетекчилери суунун тартылышына каршы чыгышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти. Маалым болгондой, 40ка жакын түтүнгө 20 жылдан бери суу жетпей келген.

Жашоочулардын айтымдарында, алар буга чейин малдар ичип жүргөн арыктагы сууну пайдаланышчу. Ал арык кышында тоңуп калгандыктан айыл тургундары 1,5 чакырым жерден суу ташып ичүүгө мажбур болушчу.

«Селден улам шагыл таштар менен жабылып калган булактын көзүн ачып, 1,5 метр казган жерге түтүк орнотуп, суу тартып алдык. Ар бир үйгө суу түтүктөр тартылды. Сууну үнөмдүү пайдалануу үчүн түтүктөрдүн оозун бекитип, кайра ачыла тургандай кылып койдук. Булактан тартылган суу секундасына 3 литрден агат. Бирок, таза сууну жаңы пайдаланып баштаганда жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү каршы чыгып жатышат.

Сууну чыгаруу үчүн жашоочулар айыл өкмөттөн, райондук суу пайдалануучулар ассоциациясынан жана акимден уруксат алганбыз. Бирок, алар булактын аймагын стратегиялык маанидеги жер деп айтып жатышат. Биз көп жылдан бери көзү жабылып калган булакты тазалап, өз күчүбүз менен суу тартып алдык», - деди айыл тургуну Нургазы Кадыров.

Рават айылынын башчысы Абдикарим Үсөнөв суу тартылган булак стратегиялык маанидеги жер болгондуктан, тургундар тарабынан жасалган иштер мыйзамдын чегинде болушу керектигин белгиледи.

«Бул стратегиялык маанидеги жер тургундардын жашаган жеринин башкы планына киргизилип, ага тиешелүү органдардын токтомдору чыкканда гана булак суусу мыйзамдуу түрдө пайдаланууга берилет. Азыркы тапта ал булак стратегиялык маанидеги жер. Мындайча айтканда, кызыл китепке киргизилген жайга кирип барууга эч кимдин укугу жок.

Биз тургундарга алгач документтерди тууралап, андан кийин суу чыгаруу керектигин айтканыбыз. Алар такыр болбой койгондуктан, убактылуу 5 жерге гана суу чыгарып турууга уруксат берилген. Бирок, жашоочулар ага карабай ар биринин үйүнө суу түтүктөрүн киргизип алышкан», - деди айыл башчы.

Ал эми Ак-Татыр айыл аймагынын башчысы Каныбек Эшмурзаев тарабынан элдер өздөрү тартып келген сууну убактылуу пайдаланып турууга уруксат берилген.

Учурда Рават айылында жалпы 700гө чукул түтүн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1391
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×