При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Баткенде сууга аккан баланы куткарган айдоочу жаңы күбөлүк алды (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну Орозбай Асабидинов бүгүн, 7-июнда жаңы айдоочулук күбөлүгүн алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, О.Асабидиновго айдоочулук күбөлүктү Баткен регионалдык каттоо-сынак бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Маматжан Асилов тапшырды.

IMG-20170607-WA0128

IMG-20170607-WA0127

О.Асабидинов Баткен—Кара-Бак, Кара-Бак—Баткен каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташып, үй-бүлөсүн багып келген. Сууга аккан баланы куткаруу учурунда айдоочулук күбөлүгү жараксыз болуп, жумушу токтоп калган.

b8ba6f408f67e3860e8927c6ac828260_500_0_0

Буга чейин маалымдалгандай, Баткенде сууга аккан баланы ажалдан алып калган таксист Орозбай Асабидинов Патрулдук милицияга айдоочулук күбөлүгүн калыбына келтирүүгө жардам сураган.

Анын айтымында, Баткен районунун Кара-Бак айылында жашайт. 12 жаштагы окуучуну суудан 24-май күнү куткарган. Ал күнү шаардан Кара-Бак айылына бара жаткан. Жол боюндагы чоң каналдын жанынан бир топ адам сууга аккан баланы куткаруу үчүн чуркап бара жатканын көрүп, унаасын ылдамдатып, аккан баланын алдын тосо токтойт. Каналдагы суу тездик менен аккандыктан эки ирет кол сунуп, бирок баланы алып чыга албай коет. Үчүнчү жолкусунда унааны катуу айдап барып, ээси ооп агып келе жаткан баланын алдынан тоскон. Суудан чыгаргандан кийин дароо ооруканага жеткирген.

Орозбай Асабидинов сууга боюн таштаган учурда айдоочулук күбөлүгү чөнтөгүндө болгон. Күбөлүк сууга эзилип, мөөрлөрү өчүп кеткен.

Куткарылган окуучу Эрландын атасы Рахимжан Маматовдун айтымында, баласы 24-май күнү велосипед тээп ойноп жүрүп, кокусунан каналга түшүп кеткен. Ал 1 км аралыкка чейин агып барган. Эрлан облустук ооруканага жаткырылып, 29-май күнү чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 929
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу