Бөлүмдөр
Шаршемби, 13-декабрь
69.75    82.26    1.18    KZT 0.21
Баткен

Баткен шаардык кеңешиндеги «Республика — Ата Журт» фракциясы коалициядан чыкты

Turmush -  Баткен шаардык кеңешиндеги «Республика — Ата Журт» саясий фракциясы КСДП фракциясы менен биргеликте түзүлгөн коалициядан чыгуу боюнча токтом кабыл алды.

Шаардык кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын башчысы Мавлян Дубанаевдин айтымында, буга чейин аталган 2 партия «Ынтымак» коалициясын түзгөн. Бирок, саясий өзгөрүүлөргө жана 2017-жылы 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө байланыштуу башка партиялар менен да кызматташуу максаты бар.

Азыр «Республика – Ата Журт» фракциясы да оппозицияга өттү.

19212838_169467600259174_1621118439_o

2016-жылдын 11-декабрында Баткен шаардык кеңешин шайлоодо мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

- «Кыргызстан» партиясы – 4 мандат;

- «Өнүгүү-Прогресс» партиясы - 4 мандат;

- КСДП — 12 мандат;

- «Жаңы-Доор» партиясы - 7 мандат;

- «Республика — Ата Журт» партиясы - 4 мандат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1969
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×