Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Баткен

Бала тили — бал: Кыздар сүйөм деп биринчи айтса уят болот, - 5 жаштагы Медина (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз — Баткен шаарынын 5 жаштагы тургуну Медина Аппазова.

- Канча бир туугансың?

- Нурмухамед, Рамис деген акелерим бар.

- Бала бакчага барасыңбы?

- Жок, ал жака барган жакпайт. Бакчада уктатып салышат.

- Келечекте ким болосуң?

- Мен чоңойсом мугалим, доктор болом.

- Эмне үчүн мугалим болосуң?

- Балдарга суроо бергиле дейм, анан алардын суроолоруна жооп берем. Ошон үчүн эжекей болом.

- А эмне үчүн доктор болосуң? Алар эмне иш кылышат?

- Укол саят, дары ичирет. Уколду берип койсо ыйлаган бөбөктөр кетет.

- Жакшы көргөн балаң барбы?

-Жок, мен балдарды жаман көрөм. Кыздар жагат.

- Эмнеге балдарды жаман көрөсүң?

- Алар урат. Мени Рамис ура берет.

- Сүйөм деп биринчи бала айтышы керекпи же кызбы?

- Балдар айтат да. Кыздар айтса уят болот.

- Сагынуу деген эмне?

- Сагынуу деген мен Ак-Сайды (Ак-Сай айылында таенеси бар) сагынам го, ошол да. Ак-Сайга барсам Баткенди сагынам, Баткенге келсем Ак-Сайды сагына берем.

- Жаныңда канча акчаң бар?

- Эки акчам бар.

- Ал акчаларыңды эмне кыласың?

- Топтойм. Анан ал акчаларга бир нерсе алам.

- Жаман адамдар кандай болот?

- Жаман адамдар ыйлай беришет. Анан аларды апалары урушат.

- Эмнелерге кызыгасың?

- Сүрөт тарткан жагат. Бабушкалардын сүрөттөрүн тартам.

- Үйдө кимге окшошсуң?

- Апама окшошмун.

- Мультфильм көрөсүңбү?

- «Маша менен медведь» жагат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:48,   12.12.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×