Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Баткен

Баткенде жаш балдар унааларды айдап кырсыкка кабылган учурлар бар, - Патрулдук милиция

Turmush -  Баткен районунда жол кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу аз катталганы менен бул багытта тынчсыздандырган маселелер жок эмес. Баткен районунун жол коопсуздугу боюнча инспектору Абдисахап Үсөнов менен аймактык кабарчы маектешти.

- Баткенде жол кырсыктары боюнча кырдаал кандай?

- Баткен районундагы жол кырсыктардан 3 адам көз жумду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу аз. Бирок, ошого карабастан көпчүлүктү түйшүккө салып жаткан маселелер көп. Биз ата-энелерге канчалык айтып түшүндүргөнүбүз менен автокырсыкка кабылган балдардын саны азайбай жатканы өкүнүчтүү. Кийинки мезгилдерде автотранспорттордун кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу жол кырсыктары дагы өсүүдө. Айдоочулук күбөлүгү жок кырсыктарга кабылгандар да аз эмес.

- Мындай жагымсыз көрүнүштөрдү кыскартуу үчүн эмне кылуу керек?

-Ата-энелер баласынын айдоочулук күбөлүгү жок болсо, автоунаасынын ачкычын бербеши керек. Жакында эле Ак-Сай айылында ата-энесине айтпай, футболго барабыз деп унааны айдап чыккан балдар 25 метр бийиктеги сайга кулап түшкөн. Оор жаракат алышты. Ошого удаа, ошондой эле курактагы өспүрүмдөр Чоң-Кара айылында «Матиз» унаасын башкара албай аңтарылып кетип, бирөөсү ооруканада жатат. Ал эми, экинчиси ошол жерде көз жумду. Калгандары жаракат алышты.

- Болгон кырсыктарды иликтеп жаткан чыгарсыздар. Себеби эмнеден экен?

- Автокырсыктардын башкы себеби — шашкалактык, эрежени билбегендик, кайдыгерлик. Негизи айылдагы унаалардын көпчүлүгүнүн жылдары эски эмеспи. Анын үстүнө мектептерге жакын жайгашканына карабастан шашкалакташып, жогорку ылдамдык менен жүрүшөт. Мен жол көзөмөлдөөчү кызматкер катары эски унаалар менен жүргөндө ылдамдыктан абайлап, шашпаш керек, деп айтаар элем. Дагы бир мисал, жакында эле Көк-Таш айылында өз жолу менен тротуарда бара жаткан жаш кызды жогорку ылдамдыкта бара жаткан айдоочу жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаш кыз денесинен оор жарат алып, ооруканага түшкөн.

- Айдоочуларга абайлагыла деген менен жыйынтыгы болуп жатабы?

- Өткөн жылга салыштырмалуу жол кырсыгы бир топ азайды. Мектептерде, коомдук жайларда жана чогулуштарда байма-бай айтып, ата-энелерге түшүндүрүп жатабыз. Мындан тышкары, өспүрүмдөр менен жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча сынак өткөрүп, мектептер арасында мыктыларды тандадык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×