Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Мекендештер: Баткендик А.Закиров Түркияда 56 миң студенти бар окуу жайда билим алууда (фото)

Turmush -  Баткендик 20 жаштагы Абыл Закиров Түркиянын Кютахья шаарындагы Думлупынар университетинде экономика тармагы боюнча 2-курста окуп жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендеш студенттен кабар алды.

«Бала кезимден Түркияда окууну кыялданчумун. Бир тууган акем Түркияда окуп жүргөндө менде ого бетер кызыгуу күч алып, мектепте жакшы окуп, окууга катуу көңүл бура баштадым. Бужум орто мектебин бүтүп жатканда Думлупынар университетинде сынак болгон. Ошол мүмкүнчүлүктү кармап калдым», - деди ал.

- Окуу жайыңыз тууралуу айтып өтсөңүз.

- Думлупынар мамлекеттик университет. Анда жалпы 56 миң студент бар жана Түркиядагы эң алдыңкы делген 25 университеттин катарында турат. Көп улуттуу университет.

- Кыргызстан менен Түркиянын билим берүүдөгү айырмачылыктарын айтсаңыз.

- Билим берүүдө Кыргызстанга салыштырмалуу бул жакта окууга болгон талап күч. Коррупция деген түшүнүк такыр жок. Эртеден кечке окуу жайдан чыкпай билим алабыз. Бош убактыбыз да китепканаларда өтөт. Жекшемби күнү гана эс алабыз. Окууга керектүү шарттар өтө жогорку деңгээлде түзүлгөн.

- Окуу акысын төлөө үчүн өзүңүз иштейсизби?

- Жок, эч жерде иштеген эмесмин. Анткени окуудан такыр бошой албайм. Окуу акысын үйдөгүлөр которуп турушат.

- Келишимдик акы канча сом?

- Былтыр 92 миң сом эле, быйыл 75 миң сомго төмөндөдү.

- Кыргызстандын билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн кандай сунуш киргизмексиз?

- Кыргызстанда бардык шарты бар 2-3 эле окуу жай бар деп билем. Башкысы шартты түзүп, билимге болгон талаптарды катуу койсо билим деңгээли жогоруламак. Албетте, мугалим берген билимине кайдыгер карабашы керек. Мыкты, билими күчтүү мугалимдерди тандап алуу зарыл.

- Окууну бүткөндө кайда иштөөнү пландап жатасыз?

- Окууну бүткөн соң Түркияда эле 5-6 жыл иштеп, тажрыйбамды ашырып, андан кийин мекениме кайтам. Ал жактан Кыргызстанга пайда алып келген фирма ачып, бизнести өнүктүрсөм дейм. Бирок, кандай фирма ачуу керектигин байкаштыра элекмин. Ал үчүн өзүм Кыргызстанга барып, эмне пайдалуу жана башка тараптарын билишим керек. Бирок сөзсүз фирма ачуу планымда бар.

Түркияда сизди таң калтырган нерсе?

- Мени таң калтырганы түрк салттары жана кооз аралдары болду. Салты боюнча үйлөнүп жаткан жигит көп кыйналат экен. Үйлөнмөкчү болгон кыздын колуна, мойнуна сөзсүз түрдө алтын жасалгаларды тагышы керек экен. Бул жакта жигит сөзсүз түрдө аскерге баруусу шарт. Антпесе уятка калышы толук мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1318
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×