При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Өзгөчө тойлор: Нурбек менен Гүлүмкандын тоюнда аяш аталары мексика бийин бийлешкен

Turmush -  Кеминдик 29 жаштагы Нурбек Жанузаков менен лейлектик 19 жаштагы Жунусбек кызы Гүлүмкандын үйлөнүү тоюнда аяш аталары, достору ар башка элдин бийлерин бийлешкен. Гүлүмкандын атасы Жунусбек Мусурманов аймактык кабарчыга тойдун жүрүшүн айтып берди.

Анын айтымында, күйөө баласы Кемин районуна караштуу Нур айылында өскөн.

«Той Бишкектеги белгилүү ресторандардын биринде өттү. Ага 300 адам конок катары чакырылды. Бул той Чүй менен баткендик туугандарды куда-сөөк кылган эң сонун той болду. Кызыма сентябрь айында сөйкө салып кетишкен. Ошондон баштап кызыңды алып кете берели деп 5 жолу сурап келишти. Мен кыргыздын салты, үрп-адаты менен узатам деп көнбөй, тойду 12-апрелге белгиледик. Ошол күнү тойдогу ырым-жырымды бүт жасадык. Той адал болду. Эч кандай ичимдик берилген жок. Күйөө баланы Кенже Дүйшеева «Мен сени издеп таптым» деген ыр менен алып чыкса, кызымды Гүлнара Кахарова алып чыкты. Бек Борбиев, Аалы Туткучев келип, элдин маанайларын көтөрүштү.

Кудаларым Кеминдин Нур айылынан болушат. Абдан интеллигенттүү үй-бүлө экен. Күйөө бала үйдүн кичүүсү. Ал ийкемдүү, тарбия көргөн жакшы бала. Кызымдын колун сурап келишкенде, баланын тарбиясын көрүп жок дей алган жокмун. Аллахым экөөнө бакыт берсин», - деди ал.

Тойдогу коноктор топ-топко бөлүнүп, өздөрүнүн өнөрлөрүн көргөзүшкөн.

«Менин досторум Мексиканын бийлерин бийлешти. Күйөө баламдын, кызымдын достору Индиянын бийин бийлешсе, «Дордойдо» чогуу иштеген досторум кыргыз бийин бийлешти. Ушул жери да абдан кызыктуу болду», - деди Жунусбек Мусурманов.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1013
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу