Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Баткен облусу, Баткен 06.06.2017 08:28

Баткендик спортчу А.Кудайбердиев кикбоксинг боюнча мелдеште 1-орунду ээледи

Turmush -  Бишкек шаарында кикбоксинг боюнча өткөн эл аралык мелдеште баткендик спортчу Азамат Кудайбердиев 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Азамат Кудайбердиев 2-классынан баштап спорт менен машыгып келет. Кикбоксинг жана ушу саньда боюнча 4 жылдан бери машыгууда. Буга чейин да кикбоксинг боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон.

«Мындай ийгиликтерге жетишкениме ата-энемдин салымы чоң», - деди Азамат.

Учурда Азамат машыктыруучусу Маралбек Давлеткуловдун кол алдында машыгып, күздө өтүүчү Азия оюндарына даярданып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×