Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Баткен

Айыл турмушу: Лейлектик У.Асанова 50 миң сомдук килемдерди токуйт (фото)

Turmush -  Лейлек районундагы Маргун айылынын 51 жаштагы тургуну Уркуя Асанова 30 жылдан бери килем токуйт. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүк энелеринен өткөн.

«Биздин чоң энелерибиз чоң чебер болгон. Өнөрдү улантсын деп апам бизге дагы үйрөткөн. Бул өнөрдүн арты менен көптөгөн тааныштарды, дос таптым. Айылдаштар бизди чеберлердин үй-бүлөсү деп таанышат. 7 кызым тең килем токуп, тар сокконду үйрөнүштү. Төртүнчү кызым Розанын Ош шаарында килем чыгаруучу фабрика ачам деген ниети бар», - деди ал.

Ал керектелүүчү жүндү койдон кыркылып алгандан баштап токуганга чейинки бардык жумушту өз колу менен жасайт.

«Көбүнчө койдун жүнүн пайдаланабыз. Айылдаштарыбыздан койдун жүнүн сатып алып, жууп-тазалап, боеп чыгабыз. Андан кийин кайнатып, кургаганга чейин коюп турабыз. Жүндөр даяр болгондон кийин килемди токуп баштайбыз. Биздин колдон кичинекей жана чоң килемден баштап, шырдак, тардан бери токулат», - деди Асанова.

Көп эмгекти талап кылган кыргыз килеми 5 миң сомдон баштап, 50 миң сомго чейин бааланат.

«Адамдар заводдон чыккан арзан килемге ооп кетти. Бирок, кыргыз килеми өз наркын жоготкон жок. Азыр элдер кайрадан өзүбүздүн килемге басым жасап, буйрутма бергендер көбөйдү. Унааларга салына тургандар 7 миң сомдон, ал эми чоң килемдер 50 миң cомго чейин бааланат», - деди ал.

Уркуя айым 7 кыз, 1 уулду тарбиялаган баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1726
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×