Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-октябрь
68.44    80.39    1.19    KZT 0.2
Баткен

Фото - Кадамжай шаарындагы көп кабаттуу үйдөн суу өтүп, дубалдарды бузулуп жатат

Turmush -  Кадамжай шаарынын Звездная көчөсүндөгү №13 үйдүн 4-кабатындагы батирлерге жаандын суулары өтүп, жашоочуларга ыңгайсыздыктар жаралып жатат. Бул тууралуу аталган үйдүн жашоочусу Каныгүл Гыламова билдирди.

Анын айтымында, тургундар үйлөрүн жыл сайын оңдоодон өткөрүшөт.

«Үйүбүздүн абалы өтө начар. Үйдүн чатырынан суу өтө берип, дубалдар чирип жатат. Дайыма оңдогонубуз менен жыйынтык чыкпайт. Үйдүн чатырын суу өтпөй тургандай жаабууга өз каражатыбыз жетпейт экен», - деди ал.

Жашоочулар имараттын чатырын жааптыруу үчүн шаардык мэрияга да кайрылышкан.

Шаар мэри Толкун Камбаров аталган үй менчик болгонуна байланыштуу мэрия жардам көрсөтө албастыгын айтты.

Кварталдык комитеттин башчысы Айнура Тургунова үйдөн таза суу да чыкпастыгын кошумчалады.

«Менчик деп эле жардам бербей коюшканы туура эмес. Бардык салыктарын төлөп жатабыз. Бир аз жардам берип коюшса болмок. Биз тургундар абдан кыйналдык. Жада калса сууну да көчөдөн ташып ичебиз. Мен өзүбүздүн фондубузда бир аз каражат бар экенин айтып, мэрияга да, акимчиликке да кайрылдым. Бирок, жардам болгон жок», - деди Тургунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 699
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×