При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Фото - Баткендик К.Маманазаров Москвадагы аялына бара жатып Казакстандын чек арасынан дайынсыз жоголду

Turmush -  Баткен районунун Бужум айылынын 44 жаштагы тургуну Кеңешбек Маманазаров 2017-жылдын 17-мартында өзүнүн үйүнөн Москва шаарына жөнөп кетип, Казакстандын чек арасынан дайынсыз жоголду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы Анарбүбү Пазылова билдирди.

Анын айтымында, баласы Казакстандын Ак-Төбө облусунун Мартун районунун Жайсан аймагында чек арачылар Россияга киргизбей койгон бойдон дайынсыз жоголууда.

«Кеңешбек баламдын аялы бир нече жылдан бери Москва шаарында эмгектенип жүргөн. Өзү да аялынын жанына жөнөп, 17-март күнү үйдөн чыгып кеткен. Аны үйдөн ушул эле Баткен шаарындагы досу Эркин (аскерде бирге кызмат өтөгөн досу) өзүнүн «Спринтер» унаасына салып, Москва шаарына жөнөп кетишкен. Балам 18-март күнү Бишкек шаарына жеткенин айтып телефон чалган. Андан кийин 19-март күнү Казакстандын постунан өткөнүн айтып дагы бир жолу телефон чалды.

Кийинчерээк Эркин анын унаасы менен Россияга кетүүчү адамдар келбей калганына байланыштуу баламды Бишкек шаарынан Лейлектин 1980-жылы туулган тургуну Каныбек аттуу баланын унаасына салып, Москва шаарына жөнөп кетишкенин айткан. Алар Казакстандын Ак-Төбө облусуна караштуу Мартун районунун Жайсан деген жеринен Россияга өтүүчү тозотко жеткенде чек ара кызматкерлери баламды кара тизмеге киргизип, Россияга өткөрбөй алып калышкан экен. Ошол жерден баламды алып бараткан Каныбек аттуу бала келиниме телефон чалып, «күйөөңдү таштап кетип жатам. Күйөөңдүн жини жаман, тентек экен. Аны Оренбургга кире бериште чек ара кызматкерлери кармап калышты. Мен Москвага кетип жатам. Аны Москвадан кайткан башка жүк ташыган автоунаалардын айдоочуларына дайындадым. Алар алып кетет» деп айткан. Ошол бойдон баламдын телефону өчүк, дайыны жок. Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин, 1983-жылы туулган уулум Нургазы агасын издеп Жайсан тозотуна келген. Ал жайда кызмат кылган бир аял ошол күнү агасын 2 адам алып кеткенин көргөндүгүн жана алар кызмат кылган жайга гана көзөмөл кылып, андан сырткары жерлерге жооп бербестигин айткан. Ал жерде иштегендер Кыргызстандын элчилиги аркылуу табууга болорун айтышкан», - деди ал.

Анарбүбү Пазылова баласын чек арага таштап кеткен айдоочу жоопкерчиликке тартылышы керектигин кошумчалады.

«Менин баламды ошол жайда таштап кеткен айдоочу менен бүгүнкү күнгө чейин 2 жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, үчүнчү жолу чалганда жок болуп кетти. Ал баламды сатып жибериши мүмкүн деп ойлойм. Алар көп жылдардан бери адам ташып иштешет экен. Менин оюмча, баламды чет жерде таштап кетип калган адам соо эмес. Жакшы адам өзү алып кеткен адамды кайсы жерде болсо да таштабайт. Алар азыркыга чейин бир да жолу мага чалып, «эмне болдуңуз?» деп койгон жок. Аларга орган кызматкерлери да окуя кандай болгондугун сурап кайрылбай жатат. Балама алар жооп берсин. Баламдын жоголгонуна бүгүн 80 күн болду.

Бул аралыкта баламдын жоголгону боюнча КРнын Ички иштер министрлиги, Тышкы иштер министрлигинен тарта бардык органдарга кайрылдым. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык жок. Ошондуктан, баламды чет мамлекетке таштап кеткен жана бул окуяга себепкер болгон адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартууну тиешелүү органдардан суранам», - деди Анарбүбү Пазылова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13603
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Baktigul1968
21:51, 05 июня 2017
Это не первый случай, когда по этой дороге пропадает человек. Несколько лет назад бесследно пропал вполне благополучный отец семейства. выехал из Алматы в Бишкек, по дороге позвонил семье, что едет в Бишкек, но в Бишкек не доехал! Прямо таки мистика! Может быть нужно сотрудникам ГКНБ и другим службам обратить внимание на эту дорогу и в частности тех кто таксует и проводит "без очереди" через таможню. Почему на этой дороге пропадают наши граждане? Их заберают в рабство или на органы?!
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу