Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Ак-Турпакта жылына 40 миң тонна күрүч жыйналып, 70%ы Тажикстанга сатылат

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында 4,5 миң гектар сугат жердин 2,5 миң гектарына шалы эгилет. Бул тууралуу Ак-Турпак айыл аймагынын жер боюнча адиси Азамат Мамасалиев билдирди.

(Азамат Мамасалиев)

5

Анын айтымында, аталган аянттан жылына 40 миң тоннадан күрүч өндүрүлөт. Шалы май айынан тартып эгиле баштайт. Ак-Турпак күрүчүнүн 70%ын тажик соодагерлери сатып алышат.

«Күрүчтү экспортко чыгаруу үчүн аракет кылуубуз керек. Күрүч бизден экспортко чыккан эмес. Аны тажик соодагерлери гана алат. Билишибизче күрүчтөр Тажикстандын атынан экспортко чыгат. Аны Тажикстан аркылуу эмес, өзүбүз чет мамлекеттерге экспорттосок абдан пайдалуу болмок», - деди Мамасалиев.

Ал эми, жергиликтүү дыйкан Жумабай Ормоновдун айтымында, Ак-Турпакта күрүчтүн 4 түрү өсөт. Алар тез жана кеч быша турган болуп бөлүнөт. Жайдары күрүчү 110 күндө, андижан күрүчү 120 күндө, лазер күрүчү 130 күндө бышат.

(Жумабай Ормонов)

7

«Буга чейин шалынын жайын өзүбүз камдап, чөптөрүн отоп, күрүч бышкычакты суудан чыкчу эмеспиз. Азыркы учурда бардыгы техника менен болуп калды. Иш да жеңил.

Шалынын жери айдалып, күрүч эгилген замат суу коюлат жана ал суу күндүн нуру менен жылып, шалыга таасирин берет. Шалы богок болгонго чейин жылуу суу ичип турушу керек. Богоктон өтүп, данга айлангандан соң муздак суу айдалат. Бизде суу кенен болгондуктан шалы да жакшы өсөт», - деди дыйкан.

Шалы эгилген жер 5-7 сотыхтан шахмат түрүндө болушу шарт. Антпесе күрүч тегиз чыкпай калышы мүмкүн. Дыйкандар 3-4 айда бышкан шалынын алгач данын ажыратып, күн нурунда кургатылгандан соң сатыкка коюшат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2466
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×