Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баткен

Кадамжайда оорулардан сактануу тууралуу маалыматтар соцтармактар аркылуу таратыла баштады

Turmush -  Кадамжай районунда ооруларды алдын алуу боюнча маалыматтарды социалдык тармактар аркылуу жайылтууну башташты. Бул тууралуу Кадамжай районундагы ден соолукту чыңдоо кеңсесинин жетекчиси Толкунай Кайымова билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай шаарында «Тамекиби же ден соолукпу?» аттуу акция өткөрүлдү. Акцияда 100дөн ашуун шаар тургундарына тамекинин зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Суроо-жооп учурунда туура жооп берген адамдарга шириндиктер, блокноттор жана калемсаптар берилди.

«Бүгүнкү күндө тургундар социалдык тармактар аркылуу жаңы жана кызыктуу маалыматтарды алып турушат. Ошондуктан биз да ооруларды алдын алуу боюнча маалыматтарды «Одноклассники», «Фейсбук», «Инстаграм» жана башка социалдык тармактар аркылуу жайылтууну жана күнүмдүк жумуштарыбызды чагылдырууну чечтик», - деди Толкунай Кайымова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1863
Көп окулду
×