Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Баткен

Айдаркен шаарында 5 партия мандаттарга ээ болду (тизме)

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарында өткөн шайлоого 8 партия ат салышып, 5 партия өттү. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Тайкара Арыков билдирди.

Мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

- «Мекеним Кыргызстан» партиясы 396 добуш алып, 6 мандатка ээ болду;

- КСДП 333 добуш алып, 5 мандатка;

- «Республика» партиясы 365 добуш алып, 5 мандатка;

- «Ата Журт» партиясы 251 добуш алып, 3 мандатка;

- «Жаңы доор» партиясы 135 добуш алып, 2 мандатка ээ болсо;

- «Өнүгүү-Прогресс» 113 добуш алып, мандат албай калды;

- «Бир Бол» 72 добуш алып, мандат алган жок;

- «Бүтүн Кыргызтан» партиясы 25 добуш алып, мандат албай калды.

Барына каршы 12 добуш берилсе, 48 бюллетень жараксыз чыккан. Жалпы 4723 шайлоочудан 1750 шайлоочу добуш берген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1855
Көп окулду
×