При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Баткенде ууланып ооруканага түшкөн 7 окуучунун үчөө үйүнө чыгарылды

Turmush -  Баткенде мектептен белгисиз химиялык затка ууланган окуучулардын үчөө ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Баткен облустук бириккен ооруканасынын директору Нурлан Толубаев билдирди.

Анын айтымында, 18-майда облустук ооруканага Бужум орто мектебинин 7 окуучусу келип түшкөн. Алардын алтоо балдар бөлүмүнө жана бирөөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда жандандыруу бөлүмүндөгү окуучунун абалы жакшыргандыгына байланыштуу балдар бөлүмүнө которулду. Азыр 4 окуучу дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Алар да 2-3 күн аралыгында үйлөрүнө чыгарылат.

Окуя тууралуу:

18-майда Баткен районунун Бужум айылындагы мектептин 7-классынын окуучулары массалык түрдө химиялык затка ууланышкан. Буга чейин АКИpress агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен 7 окуучу жабыр тарткандыгын кабарлаган.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуучулар жаткан ооруканага барып, алардын абалы менен таанышты. Окуучулардын ата-энелери аларга балдарынын уулангандыгы жөнүндө кечки саат 17:00 чамасында айтышкандыгын билдиришти.

«Кызымдын акыбалы оор. Эмне болгонун жакшы түшүнгөн жокмун. Жакшы болду, бүгүн чыгат дешти эле, бирок кайра оор болуп калды», - деди жабыркаган кыздардын биринин апасы.

Ал эми, атасы окуя жөнүндө кечинде саат 23:00 чамасында Оштон уккандыгын, эртең менен айылга келгенин айтты.

«Кандай зат менен уулангандыгын билбей жатышат. Уулангандан бери 1 күн өттү. Азыркыга чейин жыйынтык чыккан жок. Эмне менен дарылаш керектигин өздөрү да билбей жатышат. Кечиккен сайын уу зат денеге катуу тарашы мүмкүн. Тез жыйынтык чыгарып, дарыларды берүүнү дарыгерлерден суранабыз», - деди ал.

Ууланган кыздардын бири Жеңишбек кызы Айжан окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Биз 1-сабакта отурганыбызда бир бала тоголок, ак түстөгү буюм көтөрүп жүргөн. «Кимиңерде күкүрт бар, күйгүзүп көрөбүз» деген. Биз унчукпай эле коридорго чыгып кеткенбиз. Коридордо жүрсөк башкалар «класс сасык экен» деп айтып калышты. Байкасак өрттүн жыты экен. Кайра коридорго чыксак агай «киргиле» деп, класска кайра кирдик. Бир аздан кийин дымыгып, тамагыбыз ооруп, жөтөлүп баштадык. Агай «кыйналгандар эшикке чыгып тургула» деди. Ашканадан компот ичиришти. Андан кийин Бужумдагы ооруканага такси менен алып келишти. Азыр кечегиге караганда жакшы болуп калдык», - деди ал.

Эпидемиологиялык иликтөө учурунда 18-майда 7-класстын окуучусу танапис учурунда (саат 15:30 чамасы) класстын айнегинде көчөдөн таап алдым деген белгисиз затты өрттөгөндүгү такталды. Ал өрттөгөндөн кийин сасык жытты сезип, көчөгө чыгып кеткен. Танапистен кийин класска 21 окуучу кирген. Саат 17:30 чамасында окуучулардын айрымдары кусуп, жөтөлүп кыйнала баштаган.

Балдар Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилип, алардын төртөө балдар бөлүмүнө, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

19-майда саат 09:00 чамасында реанимациядагы окуучулардын абалы турукташып, балдар бөлүмүнө которулду.

Ооруканадагы окуучулар:

1) Пахридин кызы Наргиза;

2) Алимбек кызы Мадина;

3) Жеңишбек кызы Айжан;

4) Жаныбек кызы Камила;

5) Жигитали кызы Мадина;

6) Саурдин кызы Рабия;

7) Имарбек кызы Чолпонай.

Ал эми, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитов окуучулар пиротехникалык каражаттын калдыгына ууландыгын билдирген.

Анын айтымында, 7-класстын окуучусу белгисиз затты мектепке алып келип, күйгүзүп көрүүгө аракет жасаган. Бирок, ал зат ным болгондуктан күйбөй түтүгөн. Түтүн менен дем алган 7 окуучуну мектеп жетекчилиги ооруканага жеткирген. Алдын ала иликтөөнүн жана окуучулардын ата-энелеринин айтуусуна караганда, окуучу мектепке үйүндөгү эски пиротехникалык каражаттын калдыгын алып келген.

«Мындан ары билим берүү мекемелеринде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү тийиштүү уюмдарга тапшырылды. Бул маселе райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жакында боло турган мектеп директорлорунун жыйынында да кеңири талкууланып, тийиштүү чаралар көрүлөт», - деди Заитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 507
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×