Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Кадамжайда орус тилчи мугалим А.Абсаттаровдун элесине арналган футбол мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-майда Кадамжай районунун Тамаша айылында орус тилчи мугалим Асаттула Абсаттаровдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, турнирдин ачылышында мектеп окуучулары атайын программа даярдашып, мугалим А.Абсаттаров тууралуу баяндама окулду. Мелдешке 16 команда катышып, 35 жаштан жогорку жаштагылардан өзүнчө, 35 жашка чейинкилер арасында өзүнчө жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында 1-2-3-орунду алган командаларга медаль, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Турнирди өткөрүүгө А.Абсаттаровдун туугандары, окуучулары, кесиптештери демөөрчүлүк кылышкан.

Асаттула Абсаттаров 1952-жылы Кадамжай районунун Тамаша айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча орус тил мугалими. Кадамжай районундагы Сырт, Ормош, Чандеки, Тамаша айылдарындагы мектептерде мугалим болуп эмгектенген. Студент убагында окуу жайдын курама командасында футбол ойноп, бир катар сыйлыктарга татыган. 60 жашында жүрөк оорусунан каза болгон мугалим быйыл тирүү болгондо 65 жашка чыкмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1623
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×