Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-май
Баткен

Баткен облусунда 18 мектеп авариялык абалда турат (тизме)

Turmush -  Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 18 мектеп авариялык абалда турат. Бул тууралуу облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мээринса Айжигитова билдирди.

Анын айтымында, Кадамжай районунан 5, Баткен районунан 6, Лейлек районунан 5 мектеп, Баткен шаарынан 2 мектеп авариялык абалда.

Мектептердин тизмеси:

Баткен району

1.Кыштут орто мектеби;
2. Таян орто мектеби;
3. Самаркандек айылындагы Сагын Кожобаева атындагы гимназия-мектеби;
4. Кайыңды айылы, Ж.Турусбекова атындагы орто мектеп;
5. Орто-Боз айылы, Ж.Момунов орто мектеби;
6. А.Масалиев орто мектеби, Кызыл-Бел айылы.

Кадамжай району

1. Чукур-Кыштак айылындагы орто мектеп;
2. Х.Жаныбеков орто мектеби, Көтөрмө айылы;
3. Дыйкан орто мектеби, Майдан айылы;
4. №53 Улукбек атындагы орто мектеби, Марказ айылы;
5. №21 Кан орто мектептеби Совет айылы.

Лейлек району боюнча

1. Булак-Башы айылындагы мектеп;
2. Миң-Жыгач айылындагы мектеп;
3. Гөлбө айылындагы К.Казыев атындагы мектеп;
4. Лейлек айылындагы мектеп;
5. Ак-Терек айылындагы мектеп.

Баткен шаарында

1. Баткен облустук көркөм сүрөт мектеп-интернаты;
2. Баткен облустук гимназия мектеп-интернатынын эскилиги жеткен.

Баткен шаарындагы 2 мектеп түздөн-түз Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында. 2014-жылы Жогорку Кеңештин билим берүү комитетинин комиссиясы тарабынан капиталдык оңдоого жарабайт деп, жаңы имарат салуу жөнүндө сунуш берилген.

Учурда Кадамжай районунда 10, Лейлекте 4, Баткен районунда 11, облус боюнча жалпы 25 мектептин жана 1 бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. Анын ичинен каржы маселесине байланыштуу С.Тешебаев, К.Сатаров атындагы орто мектептеринин жана Жаш-Тилек толук эмес орто мектептеринин курулуш иштери убактылуу токтоп турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3107
×