Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Баткен

Кадамжайда Э.Эрматовдун элесине арналган фестиваль башталды

Turmush -  Кадамжайда акын, мамлекеттик ишмер Эгемберди Эрматовдун жаркын элесине арналган республикалык фестиваль башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акындын туугандары билдирди.

Фестивалдын жүрүшүндө акындын кичи мекени Пум айылында куран окутулуп, эртең жаш акындардын сынагы өткөрүлөт. Аны менен катар Эгемберди Эрматовдун обон чыгарылган ырлары аткарылып, концерттик программа тартууланат. Жыйынтыгында жаш акындардын мыктыларына Эгемберди Эрматов атындагы фонддон атайын белектер берилет.

Аталган салтанатка Кадамжай районунун акими Акрам Мадурамов, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов жана ар бир облустан келген коноктор жана конкурсанттар катышууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2030
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×