Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Баткен

Кадамжайда бир үй-бүлө тойдон келген этти жеп ууланышты

Turmush -  Кечээ, 22-майда Кадамжай аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланган үй-бүлө (жубайлар жана 3 баласы) жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, Охна айылынын тургуну 21-майда тойго барган. Тойдон желим баштыкка салынган эт алып келип, кечинде үй-бүлөсү менен жешкен. Эртең менен саат 6:00 чамасында бардыгы кусуп, ичтери ооруй баштаган.

Саат 7:45те Кадамжай аймактык ооруканасына кайрылышкан. Үй-бүлө медициналык жардам алып, азыр абалдары канааттандырарлык.

Министрлик күн ысыгандыгына байланыштуу тамак-ашка уулануу кооптуулугу күч экендигин эскертет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2314
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:59,   21.02.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×