Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Баткенде балдардын эл аралык футбол мелдеши өттү

Turmush -  Баткенде кыргызстандык жана тажикстандык балдардын катышуусунда өткөн футбол мелдешинде FIFAнын калысы Бахадыр Кочкаров калыстык кылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Арка айылында өткөн мелдешти ЮНИСЕФ уюштурган.

«Көпчүлүк өлкөлөрдө футбол мектептеринин кире беришинде «Футболдогу кесипкөйлүк сени дүйнөгө таанытат» деген ураан жазылып турат. Кесипкөйлүктүн маанилүү бөлүгү – бул кызматташа алуу, башкаларды уга билүү жана сабырдуу болуу. Эгерде биз балдарды ушуга бала чагынан эле үйрөтө алсак, анда келечегибиз үчүн тынчсызданууга негиз болбойт», - деди Бахадыр Кочкаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1123
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×