Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Фото - Баткендеги мектептен ууланган окуучулардын абалы жакшы (тизме)

Turmush -  Белгисиз заттан ууланып, Баткен облустук ооруканасында жаткан окуучулар менен бүгүн, 20-майда облус жетекчиси Абиш Халмурзаев жолугушту. Ошондой эле, билим берүү жана медицина тармагындагы кызматкерлерге, тиешелүү жетекчилерге окуянын чоо-жайын териштирүү жана мындай окуяларды болтурбоо үчүн алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Массалык ууланууга байланыштуу мектеп директорлору менен билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги ыкчам жыйын өткөрүп, түшүндүрүү иштерин күчөтүү чечимин кабыл алышты.

Дарыгерлердин айтымында, учурда окуучулар керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалды. Облустук жетекчилик тарабынан дарыгерлерге дагы жабырлануучуларга тиешелүү медициналык чараларды көрүү боюнча атайын тапшырма берилди.

18-майда Баткен районунун Бужум айылындагы мектептин 7-классынын окуучулары массалык түрдө химиялык затка ууланышкан. Буга чейин АКИpress агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен 7 окуучу жабыр тарткандыгын кабарлаган.

Turmush басылмасынын кабарчысы окуучулар жаткан ооруканага барып, алардын абалы менен таанышты. Окуучулардын ата-энелери аларга балдарынын уулангандыгы жөнүндө кечки саат 17:00 чамасында айтышкандыгын билдиришти.

«Кызымдын акыбалы оор. Эмне болгонун жакшы түшүнгөн жокмун. Жакшы болду, бүгүн чыгат дешти эле, бирок кайра оор болуп калды», - деди жабыркаган кыздардын биринин апасы.

Ал эми, атасы окуя жөнүндө кечинде саат 23:00 чамасында Оштон уккандыгын, эртең менен айылга келгенин айтты.

«Кандай зат менен уулангандыгын билбей жатышат. Уулангандан бери 1 күн өттү. Азыркыга чейин жыйынтык чыккан жок. Эмне менен дарылаш керектигин өздөрү да билбей жатышат. Кечиккен сайын уу зат денеге катуу тарашы мүмкүн. Тез жыйынтык чыгарып, дарыларды берүүнү дарыгерлерден суранабыз», - деди ал.

 Ууланган кыздардын бири Жеңишбек кызы Айжан окуянын чоо-жайын айтып берди.

«Биз 1-сабакта отурганыбызда бир бала тоголок, ак түстөгү буюм көтөрүп жүргөн. «Кимиңерде күкүрт бар, күйгүзүп көрөбүз» деген. Биз унчукпай эле коридорго чыгып кеткенбиз. Коридордо жүрсөк башкалар «класс сасык экен» деп айтып калышты. Байкасак өрттүн жыты экен. Кайра коридорго чыксак агай «киргиле» деп, класска кайра кирдик. Бир аздан кийин дымыгып, тамагыбыз ооруп, жөтөлүп баштадык. Агай «кыйналгандар эшикке чыгып тургула» деди. Ашканадан компот ичиришти. Андан кийин Бужумдагы ооруканага такси менен алып келишти. Азыр кечегиге караганда жакшы болуп калдык», - деди ал.


Эпидемиологиялык иликтөө учурунда 18-майда 7-класстын окуучусу танапис учурунда (саат 15:30 чамасы) класстын айнегинде көчөдөн таап алдым деген белгисиз затты өрттөгөндүгү такталды. Ал өрттөгөндөн кийин сасык жытты сезип, көчөгө чыгып кеткен. Танапистен кийин класска 21 окуучу кирген. Саат 17:30 чамасында окуучулардын айрымдары кусуп, жөтөлүп кыйнала баштаган.

Балдар Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилип, алардын төртөө балдар бөлүмүнө, үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кечээ, 19-майда саат 09:00 чамасында реанимациядагы окуучулардын абалы турукташып, балдар бөлүмүнө которулду.

Ооруканадагы окуучулар:

1) Пахридин кызы Наргиза;

2) Алимбек кызы Мадина;

3) Жеңишбек кызы Айжан;

4) Жаныбек кызы Камила;

5) Жигитали кызы Мадина;

6) Саурдин кызы Рабия;

7) Имарбек кызы Чолпонай.

Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Орозмамат Темировдун айтымында, балдардын абалы канааттандырарлык болду. Балдарды амбулатордук дарыланууга чыгаруу жөнүндөгү чечим дарыгерлердин косилиумунан кийин кабыл алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2305
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×