При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Айдаркендеги селдин кесепетин жоюу боюнча штаб түзүлдү

Turmush -  Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы селдин кесепетин жоюу боюнча штаб түзүлдү. Бул тууралуу Кадамжай районунун акимчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров Айдаркен шаарына барып, сел кесепетинен жабыр тарткандардын арасында кредити бар, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр такталып акчалай жардам берилээрин белгиледи. Учурда сел жүргөн аймакта таза суу боюнча маселе жок болгону менен электр энергиясынан көйгөй жаралган. Электр жарыгы өчкөн көчөгө бүгүн кечке чейин электр тогу берилет. Жер төлөсүнө, короосуна суу толгон адамдарга атайын суу насостор менен жардам берилип жатат.

Буга чейин 15-майда саат 19:20 чамасында Айдаркен шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Гавуян сайынан сел түшүп, Октябрь, Асаев, Жашыл-Бак, Айдаркен жана Тынчтык көчөлөрүндө сел агып, 11 турак жайды жана 17 чарбакты каптагандыгы кабарланган.

ӨКМдин маалыматына караганда, сел 5100 метр ички чарбалык жолду жана 3200 метр арыктарды каптап, 5 даана электр мамычасын, 1 «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унааны агызып кетти. Кырсыктан адамдар жабыркагандар жок. Селдин кесепеттердин жоюуга ӨКМдин 12 куткаруучусу, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана «Айдаркен» сымап комбинатынан 1 жүктөгүч, 1 портер тартылды.

Куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана тартылган техникалар турак жайларга кирген сел сууларды тазалоо иш-чараларын жүргүзүштү. Сел жүрүп жаткан учурда райондук РЭС кызматкерлери тарабынан электр энергиясы убактылуу өчүрүлүп турган. Азыркы учурда Октябрь көчөсүндө электр энергиясы жок. Селдин кесепеттерин жоюу иштери бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1015
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу