Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Баткен

Кадамжайдагы айыл өкмөттөрдүн арасында волейбол мелдеши өттү

Turmush -  13-майда Кадамжай районунун айыл өкмөттөрүнүн арасындагы волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, мелдешке жалпы 11 команда катышып, байге фонду 50 миң сомду түздү. Жыйынтыгында 35 жашка чейинкилер арасында 1-орунду Көтөрмө айыл өкмөтү, 2-орунду Бирлик айыл өкмөтү, 3-орунду Айдаркен шаары, 4-орунду Халмион айыл өкмөтү ээледи.

35 жаштан жогоркулар арасында:

1-орунду Орозбеков айыл өкмөтү;

2-орунду Кадамжай шаары;

3-орунду Бирлик айыл өкмөтү ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×