Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-февраль
Баткен

Баткен облусундагы соттордун футбол мелдеши өттү

Turmush -  Кечээ, 12-майда Кадамжай районунда Баткен облусундагы сот кызматкерлеринин кичи футбол мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке жалпысынан 9 команда ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунга Баткен облусунун райондор аралык сотунун курамынан уюшулган команда ээ болду. 2-орунду Кызыл-Кыя шаардык сотунун командасы, 3-орунду Сүлүктү шаардык сотунун кызматкерлери ээледи.

Жеңүүчүлөр акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1386
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×